Түркия Исландия менен беттешет

Футболдук таймаш Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат жана ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1215644
Түркия Исландия менен беттешет

Түркиянын «А» улуттук курама командасы, 2020-жылы өтүүчү Европа чемпионатынын тандоо оюндарынын «Н» тайпасындагы төртүнчү мелдешинде эртең атаандаштын талаасында Исландия менен беттешет.

«Лаугардалсвёллур» стадионунда өтө турган футболдук таймаш Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат жана ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Таймашты Польшанын футбол федерациясынан калыс Шимон Марциняк башкарат.

Анын жардамчылары Павел Сокольницкий жана Томаш Листкевич болот.

Ушул эле тайпада Түркия убактысы боюнча саат 21.45те Андорра-Франция жана Албания-Молдова беттешүүлөрү да өткөрүлөт.

Тайпада ойногон 3 оюнду тең жеңген түрк командасы 9 балл менен лидер абалында, 6 балл топтогон Исландия болсо үчүнчү орунда турат.



Тектеш кабарлар