Улуттук күрөшчүлөр финалда
Европа жаштар греко - рим күрөш чемпиондугунда улуттук күрөшчүлөр Абдуллах Топрак жана Хамза Бакыр финалга чыкты.
Испаниянын Понтеведра шаарында өткөрүлгөн Европа жаштар греко - рим күрөш чемпиондугунда улуттук күрөшчүлөр Абдуллах Топрак жана Хамза Бакыр финалга чыкты.
Түркия күрөш федерациясынан берилген маалыматка караганда 63 килограммда Абдуллах Топрак жарым финалда армян атаандашы Хражя Погоянды 4 – 3 упайга жеңип финалга чыкты.
Абдуллах андан мурунку турларда белорусиялык Александр Печуренка жана польшалык Филип Карол Петронанжды 8 – 0гө жеңген. Улуттук спортчу финалда грузиялык Лери Абуладзе менен беттешет.
130 килограммда бетешкен Хамза Бакыр болсо жарым финалда беттешкен венгер Атилла Витекти 8 – 0гө жеңип атын финалга жаздырды.
Хамза Бакыр андан мурунку турларда польшалык Томаш Яцек Вавжинчик жана грузиялык Робинзон Эсадзени 6 – 0гө жеңген. Улуттук күрөшчү финалда орусиялык Осман Шадов менен алтын медаль үчүн беттешет.