Түркиянын командасы Бельгияны жеңди
Улуттук команда, 1-июнда Словакия менен беттешет.
1210967
Түркиянын волейбол боюнча эркектерден куралган А Улуттук курама командасы, CEV-2019 Европа Алтын лиганын «А» тайпасындагы экинчи оюнунда атаандаштын талаасында Бельгияны 3-1 эсебинде жеңди.
Баш калаа Брюсселдеги «Palais-12» залында ойнолгон оюндун биринчи чейрегинде 25-22 упай эсебинде утулган түрк курамасы, андан кийинки оюндарда 25-14, 25-22 жана 25-21 упай алып мелдешти 3-1 эсебинде жеңди.
Тайпадагы биринчи мелдешинде Латвияны 3-0 эсебинде жеңген улуттук команда, 1-июнь ишемби күнү атаандаштын талаасында Словакия менен беттешет.