Улуттук курама турнирди жеңиш менен баштады

Түркиянын А Улуттук курама командасы Түштүк Корея менен беттешти.

1205987
Улуттук курама турнирди жеңиш менен баштады

2019 FIVB Волейбол боюнча улуттар лигасында ойногон Түркиянын А Улуттук курама командасы биринчи беттешүүсүндө Түштүк Кореяны 3-0 эсебинде жеңди.

Сербиянын баш калаасы Белградда өткөрүлгөн лиганын биринчи этабында Түштүк Корея менен беттешкен улуттук курама, атаандашын 3-0 упай эсебинде утуп турнирди жеңиш менен баштады.

А Улуттук курама команда, Сербия этабындагы экинчи мелдешинде бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 21.00де Нидерландия менен ойнойт.

Түркиялык спортчулар, биринчи этаптын акыркы беттешүүсүндө болсо 23-май бейшемби күнү Сербия менен таймашат.


Этикеткалар: #лигасында , #турнирди

Тектеш кабарлар