Мерве Айдын Франциянын Нант Резе командасы менен макулдашты
Мерве Айдын келечекте карьерасын Европада уланткысы келет.
1197933
![Мерве Айдын Франциянын Нант Резе командасы менен макулдашты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ffbc/61fb/f548/5cd3cff64a99f.jpg?time=1718729671)
Түркиянын баскетбол боюнча кыздардан куралган улуттук командасынан Мерве Айдын, Франциянын Нант Резе командасы менен макулдашты.
Акыркы эки сезон Хатай мэриясынын формасын кийген Айдын, Нант менен макулдашуусун кыска мөөнөтүү келишим катары эсептебегенин белгиледи.
Француз тилин үйрөнүп жатканын айткан Мерве Айдын: «Абдан толкунданып жатам. Келечекте да карьерамды Европада уланткым келет»,-деди.