Мик атасынын изи менен баратат
Михаэль Шумахердин уулу Мик Шумахер атасынын орундугуна отурууга талапкер экендигин далилдеди.
1069896
![Мик атасынын изи менен баратат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f1b/3680/ca55/5bc593dcccf3b.jpg?time=1718878189)
Формула - 1дин легендарлуу ысымы Михаэль Шумахердин уулу Мик Шумахер атасынын орундугуна отурууга талапкер экендигин далилдеди.
Бул сезондо Формула 3тө жарышкан 19 жаштагы айдоочу чемпиондугун Хоккенхаймда жарыялады. Према командасынын атынан жарышкан Мик Шумахер сезондо болгон 12 жарыштын сегизинде жеңишке жетишти. Бул биринчилик жаш учкуч үчүн Формула - 1 каалгаларын акырына чейин ачты. Миктин атасы Михаэль Шумахер жана Lewis Hamilton Formula 3төгү чемпиондуктарынан кийин дүйнөнүн эң негизги автоспортторуна катышышты.