Cпорттун достук руху Түндүк Корея менен Кытайдын мамилесин жумшартууда

Кытайлык аял баскетболчулар достук оюну үчүн өлкөнүн борбор шаары Пхеньянга барды.

1066283
Cпорттун достук руху Түндүк Корея менен Кытайдын мамилесин жумшартууда

Көптөгөн жылдар дүйнөгө жабык болгон Түндүк Корея спорттун саясында чынжырларын үздү.

Кышкы олимпиадалар жана Азия оюндарында түштүк тарабы менен бириккен командаларда беттешкен түндүк кореялыктар эми Кытай Эл Республикасы менен мамилесин оңдоп жатат. Кытайлык аял баскетболчулар достук оюну үчүн өлкөнүн борбор шаары Пхеньянга барды.

Эки өлкөнүн спортчулары аты «достук» жана «биримдик» деп аталган аралаш командаларда беттешишти. Оюндун акырында 1 сан менен кубанган «биримдик» командасы болуп, негизги жеңишке жетишкен ар дайым болгондой достук болду.

Кытай Эл Республикасынын унутулгус NBA жылдызы Yao Ming да оюнду көргөндөрдүн арасында орун алды. Мурунку баскетболчу беттешүүдө форма кийген оюнчуларды куттуктады.

 



Тектеш кабарлар