Түркиянын футбол федерациясы террорго наалат айтты

Түрк футболунун 4 чоң командасы Фенербахче, Бешикташ, Галатасарай жана Трабзонспор, Твиттер барагынан террорго наалат айтышты.

1023882
Түркиянын футбол федерациясы террорго наалат айтты

Түркия футбол федерациясы, Фенербахче, Бешикташ, Галатасарай жана Трабзонспор Хаккариде террордук кол салуудан жубайынан жана ымыркайынан айрылган аскерге көңүл айтышты. 

Твиттерден жарыяланган маалыматта «Хаккари Юксековада болуп өткөн террордук кол салуу улам үй-бүлөсүнөн айрылган аскерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Өмүрлүк жарынын жана 11 айлык наристесинин жаткан жери жайлуу болсун» деп билдирилген. 

Түрк футболунун 4 чоң командасы Фенербахче, Бешикташ, Галатасарай жана Трабзонспор, Твиттер барагынан террорго наалат айтышты.



Тектеш кабарлар