Улуттук жаачы Германияда алтын медалды багындырды

Түркия,  Жаа атуу боюнча дүйнөлүк кубоктун 4-бөлүмүнүн мелдештеринде 1 алтын жана 2 коло медалды багындырды.

1017164
Улуттук жаачы Германияда алтын медалды багындырды

Түркиянын улуттук жаачысы Мете Газоз, классикалык жаа атуу боюнча эркектер арасындагы мелдештердин 4-бөлүмүндө алтын медалды багындырды.

Германиянын борбор калаасы Берлинде уюштурулган мелдеш аяктады. Чемпионаттын акыркы күнүндө улуттук спортчу Мете Газоз, классикалык жаа атуу боюнча эркектер арасындагы финалда дүйнөлүк 6-номердеги жаачы түштүк кореялык Ли Во Сеок менен күч сынашты.

Дүйнөлүк тизмелөөдө 32-орунда турган 19 жаштагы Мете, атаандашын 6-5 эсебинде утуп алып алтын медалдын ээси болду.

Түркия команда боюнча жарышта эки коло медалга жетишти. Мете Газоз жана Ясемин Эжем Анагөздөн турган Классикалык жаа атуу боюнча команда менен Йешим Бостан, Гизем Элмаагачлы жана Айше Бера Сүзер орун алган чыгырыктуу жаа аттуу боюнча айымдар командасы коло медалга ээ болду.

Жеке мелдештерде Йешим Бостан айымдардын чыгырыктуу жаа атуусунда 4-орунду алды. Йешим Бостан жана Демир Элмаагачлы түзгөн чыгырыктуу жаа атуу боюнча аралаш команда дагы 4-орунду ээледи.

Түркия,  Жаа атуу боюнча дүйнөлүк кубоктун 4-бөлүмүнүн мелдештеринде 1 алтын жана 2 коло медалды багындырды.

 


Этикеткалар: #Мете Газоз , #жаа атуу

Тектеш кабарлар