Англия чейрек финалда Швеция менен беттешет
Борбор шаар Москвадагы «Спартак» стадионунда Колумбия менен Англия беттешти.
1005360
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын акыркы 16 командасы ойногон турда Колумбия менен Англия беттешти.
Борбор шаар Москвадагы «Спартак» стадионундагы оюндун жыйынтыгын пенальти тебүүлөр белгиледи.
Англиянын голун 57-мүнөттө Гарри Кейн киргизип 1-0 алдыга өттү.
Бул голго Колумбия 90-мүнөттөн кийин кошулган 3-мүнөттө Йерри Минанын голу менен жооп берип оюн теңделди.
Оюн 1-1 болуп теңме тең чыккан соң, 15 мүнөттөн кошумча убакыт берилди. Анда да гол кирбеген соң пенальти тебүүлөргө өтүлдү.
Англия менен Колумбиянын пенальти тебүүлөрү 4-3 эсебинде жыйынтыкталды. Ошентип Англия чейрек финалга жогорулады.
Англия чейрек финалда Швеция менен беттешет. Оюн 7-июль ишемби күнү Самара Аренада болот.