Дания менен Австралия 1-1 болуп теңме-тең чыкты

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «С» тайпасындагы экинчи оюнунда Дания менен Австралия беттешти.

997438
Дания менен Австралия 1-1 болуп теңме-тең чыкты
2018-06-21T142601Z_2048561841_RC1BA2F666E0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-DNK-AUS.JPG
2018-06-21T140619Z_17117675_RC180E285A20_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-DNK-AUS.JPG
2018-06-21T140255Z_672951191_RC1805CABA10_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-DNK-AUS.JPG
2018-06-21T135112Z_620221620_RC1CB035CCB0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-DNK-AUS.JPG

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «С» тайпасындагы экинчи оюнунда Дания менен Австралия беттешти.

Дания 7-мүнөттө Кристиан Эриксендин киргизген голу менен 1-0 алдыга өттү.

Австралия болсо 37-мүнөттө пенальтиден топ киргизди.

Оюндун калысы Лахоз, Юссюф Поульсендин топту кол менен кармап алганын белгиледи жана видео системасына кайрылды.

Видео системасынан кийин ак чийинди көрсөткөн Лахоз, Поульсенге да сары карточка көрсөттү.

Австралиянын голун пенальтиден Майл Жеданак киргизди.

Жеданак биринчи оюнда да Францияга пенальтиден гол киргизген.

Оюндун башка мүнөттөрүндө гол кирген жок жана жыйынтык 1-1 болуп теңме-тең чыкты.


Этикеткалар: #Футбол , #Дания , #Австралия

Тектеш кабарлар