Түрк арбитр Жүнейт Чакыр тарыхка өттү

41 жаштагы Жүнйет Чакыр бул оюн менен 162 -  эл аралык беттешке  чыкты.

993406
Түрк арбитр Жүнейт Чакыр тарыхка өттү
cuneyt cakir rusya fifa1.jpg

ФИФАнын түрк арбитры Жүнейт Чакыр Орусияда өткөрүлгөн 2018 ФИФА дүйнөлүк чемпионатта ойнолгон Марокко  - Иран беттешүүсүн башкарып тарыхка өттү.

Чакыр Ирандын Мароккону 1 – 0гө жеңген оюнга катышып, биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка катышкан  түрк калыс болду.

Чакыр Санкт Петербург шаарында ойнолгон оюнда абдан ийгиликтүү бир беттешти башкарды. Жүнейт Чакыр

оюнда үчөөсү Иранга болгон төрт сары карточка көрсөттү.

Бул беттеште Жүнейт Чакырга Бахаттин Дуран менен Тарык Онгун жардам берди. Беттештин 4 -  калысы Орусия футбол федерациясынан Сергей Карасев болду.

Бири биринин артынан ФИФА дүйнөлүк чемпионатына катышкан Чакыр жана группасы Бразилияда 2014 -  жылы өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта Голландия  - Аргентина  матчына да катышып 3 беттешти башкарган.

41 жаштагы Жүнйет Чакыр бул оюн менен 162 -  эл аралык беттешке  чыкты.



Тектеш кабарлар