Орусия Дүйнөлүк кубок беттешүүлөрүн жеңиш менен баштады

Москвадагы «Лужники» стадионундагы беттеште 5 – 0 упай менен Орусия Сауд Аравияны жеңди.

992985
Орусия Дүйнөлүк кубок беттешүүлөрүн жеңиш менен баштады

2018 ФИФА дүйнөлүк кубогунун ачылуу оюну үй ээси Орусия менен Сауд Аравиянын ортосунда ойнолду.

Москвадагы «Лужники» стадионундагы беттеште 5 – 0 упай менен Орусия жеңишке жетишти.

Оюндагы голдорду Газинский, Чернышев, Дзюба менен Головин киргизди.

А группасынын башка оюнунда Египет менен Уругвай бүгүн Түркия убактысы боюнча 15те Экатеринбургдагы Экатеринбург аренада беттешет.

Б группасында болсо Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө  Марокко  - Иран, 21:00дө да Португалия  - Ипания беттешет.

Ошол эле учурда ФИФА кокарттуу түрк судья Жүнейт Чакыр Маркко менен Ирандын ортосунда ойноло турган  Б группасынын ачылуу оюнун башкарат.

Жүнейт Чакырдын жардамчылары Бахаттин Дуран жана Тарык Онгун. Беттештин  4 -  судьясы  орус футбол федерациясынан Сергей Карасев болот.



Тектеш кабарлар