Түркиянын жаштары футболдо ийгиликтүү
Түркиянын 18 жашка чейинкилерден турган улуттук курама футбол командасы Швецияны 3-2 эсебинде утуп алды.
989820
Түркиянын 18 жашка чейинкилерден турган улуттук курама футбол командасы Эл аралык үчтүк турнирдин алкагында Швецияны 3-2 эсебинде утуп алды.
Швециянын Висбю шаарындагы Гутаваллен стадионунда болгон беттешүүнүн биринчи жарымы 0-0 болуп теңме тең бүттү. Экинчи таймда Түркиянын голдорунан экөөнү Бехлүл Айдын жана бирөөнү Озан Мухаммед Кабакын киргизип эсеп 3-2 болду.
Түркиянын 18 жашка чейинкилерден турган улуттук курама футбол командасы турнирдеги биринчи оюнунда Венгрияны 4-1 эсебинде утуп алган.