Күрөштө эки медаль
Зейнеп Йетгил алтын медалды багындырды.
989292
![Күрөштө эки медаль](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8fd7/230b/1c7f/5b1b8c2ca97e5.jpg?time=1718876809)
Стамбулда өткөрүлгөн 23 жаш астында Европа күрөш чемпиондугунда улуттук спортчу Зейнеп Йетгил алтын медалды багындырды.
Багжылар Олимпик сопрт комплексинде өткөрүлгөн жарыштын бешинчи күнүдө аялдарда 53, 57, 62, 65 жана 72 килограммда финал беттешүүлөрү өткөрүлдү.
Чемпиондукта аялдар 53 килограмм финалында Зейнеп Йетгил белорусиялык атаандашы Кацириана Пичковскаяны 6 – 5 упайга жеңип алтын медалга жетишти.
Аялдар 65 килограммда аянтка чыккан Аслы Тугжу болсо швейцариялык атаандашы Моа Лена Мариа Нигренди 3 – 1 упайга жеңди жана коло медалдын ээси болду.