Түрк командасы Таиландды жеңди
Түркия атаандаштын талаасында Таиланд менен беттешти.
987852
Түркиянын кыздардан куралган А Улуттук командасы, Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) лигасында Таиландды 3-1 эсебинде жеңди.
Түркия лиганын төртүнчү жумасындагы экинчи мелдешинде Таиланддын Накхон Ратчасима шаарындагы Чат-Чай залында Таиланддын өкүлү менен беттешти.
Анда түрк командасы атаандашын 3-1 эсебинде жеңип алды.
Лигадагы 11-мелдешинде 8-жеңишине ээ болгон Түркия баллын 25ке жогорулатты.