Улуттук оюнчу теннис боюнча чемпиондукка жетишти
Туна Алтуна, Италияда өткөн Futures турниринде кош оюнчулар тармагында чемпиондукка ээ болду.
Улуттук теннисчи Туна Алтуна, Италияда өткөн Futures турниринде кош оюнчулар тармагында чемпиондукка ээ болду.
Түркиянын Теннис федерациясынын жарыясына караганда Реджио Эмилия шаарындагы 15 миң доллар сыйлыктуу мелдеште Туна Алтуна, болгар парнеру Александр Лазов менен бирге 22. Futures жеңишине жетишти.
Финалда Зизу Бергс (Бельгия)-Максим Табатуронг (Франция) жубун 6-4 жана 6-2 эсебинде утуп алган Туна Алтуна менен Лазов, кош оюнчуларда биринчиликти багындырышты.
Карьерасында бирден ATP финалы жана ATP Challenger чемпиондугу болгон Туна Алтуна, 2018-жылдагы алгачкы кубогун көтөрдү. 29 жаштагы улуттук спортчу дүйнөлүк тизмелөөдө кош оюнчуларда 261-орунда турат.
Тектеш кабарлар
"Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...
Түркиянын курама командасы өткөн жылы FIVB Улуттар Лигасында чемпион болушкан.