Реал Мадрид чемпиондугун майрамдады

Рамос жана жолдошторун Реал Мадриддин төрагасы Флорентино Перес тосуп алды.

980791
Реал Мадрид чемпиондугун майрамдады
realş madrid 5.jpg
real madrid 6.jpg
real madrid 3.jpg
real madrid 2.jpg
real madrid 1.jpg

Чемпиондор лигасынын кубогун удаама-удаа 3 ирет музейине алып кеткен Реал Мадрид, кубогу менен кошо Испанияга кайтты.

Рамос жана жолдошторун Реал Мадриддин төрагасы Флорентино Перес тосуп алды.

Тарыхый «Алмудена Катедралга» зыярат кылган мадриддик оюнчулар, шаар аянтында күйөрмандары  менен жолугушту.

Куттуктоолордун акыркы аялдамасы болсо Сантьяго Бернабеу болду...

Реал Мадрид, бир эле сезондо футбол жана баскетболдо Европанын бир номердүү мелдештеринде чемпиондукка жетишкен клуб катары тарыхка катталды.

Кубок менен сүрөткө түшкөн мадриддик футболчулар кубанычтарын дагы бир жолу машыктыруучусу Зинедин Зидан менен бөлүшүштү.

Реал Мадрид күйөрмандары менен чогуу жеңишин моокуму кангыча белгиледи...



Тектеш кабарлар