Галатасарай спорт кулубу Мустафа Женгизди төрагалыкка шайлады

Кезектеги жалпы жыйында кайрадан төрага болуп шайланган Мустафа Женгиз, 3 жыл бою бул кызматты аркалайт.

979825
Галатасарай спорт  кулубу Мустафа Женгизди төрагалыкка шайлады

Мустафа Женгиз Түркиянын Галатасарай спорт клубунун кезектеги жалпы жыйынында 2525 добуш менен кайрадан төрага болуп шайланды.

Галатасарай лицейинде өткөн жалпы жыйындагы шайлоо жарышында берки талапкерлер Дурсун Өзбек 1361 добуш, Озкан Коркут 659 добуш жана Али Фатиноглу болсо 207 добушка ээ болду.

Кезектеги жалпы жыйында кайрадан төрага болуп шайланган Мустафа Женгиз, 3 жыл бою бул кызматты аркалайт.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Галатасарай спорт клубунун кезектеги 101-жалпы жыйынында кайрадан төрага болуп шайланган Мустафа Женгизди куттуктады.

Эрдоган, кайрадан Галатасарай спорт клубуна төрага болуп шайланган Мустафа Женгизге куттуктоо телеграфын жөнөттү.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да Мустафа Женгизди куттуктады.  

Йылдырым, Галатасарай спорт клубунун кезектеги 101-жалпы жыйынында кайрадан төрага болуп шайланган Мустафа Женгизди телефон чалып куттуктады.



Тектеш кабарлар