Түркия-Иран беттешүүсү Стамбулда өтөт
Мелдеш саат 21.15те башталат.
970297
![Түркия-Иран беттешүүсү Стамбулда өтөт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9e9b/b270/5216/5937dec771630.jpg?time=1718829725)
Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасы менен Ирандын ортосундагы атайын мелдеш 28-май жекшемби күнү Стамбулда өтөт.
Түркиянын футбол федерациясынын билдирүүсүнө караганда, беттешүү «3-Стамбул Башакшехир Фатих Терим» стадионунда саат 21.15те башталат.
Түрк командасы ушул эле стадиондо 2015-жылдын 17-ноябрында Греция менен беттешкен болчу. Улуттук команда атайын мелдешти 3-0 эсебинде жеңген.