Улуттук спортчулар медалдарды багындырууну улантууда

Түркия жалпы 13 медалга ээ болду.

965264
Улуттук спортчулар медалдарды багындырууну улантууда

Улуттук спортчулар күрөш боюнча Европа чемпионатында медалдарды багындырууну улантууда.

Эркектер арасында эркин стил боюнча 125 килогарамм салмакта Таха Акгүл Европа чемпиону болду.

Улуттук күрөшчү 6-жолу Европа чемпиону катары түрк спортчулардын арасында эркин стил боюнча өзүнө таандык рекордду жаңылады.

Ушул эле күнү 74 килограмм салмакта Сонер Демирташ да алтын медалга ээ болду.

61 килограммда Режеп Топал жана 92 килограммда болсо Сердар Бөке коло медаль тагышты.

Бул жыйынтыктардан кийин күрөш боюнча Европа чемпионатында Түркия 5 алтын жана 8 коло медаль болуп жалпы 13 медаль менен аякктап чоң ийгиликке жетишти.



Тектеш кабарлар