Велосипеди менен дүйнөнү кыдырган Беридзе

Грузиядан чыгып дүйнөнү кыдырып чыккан Беридзе Түркияда...

943734
Велосипеди менен дүйнөнү кыдырган Беридзе

 

Грузиядан велосипед менен дүйнөнү кыдырып чыгуу кыялдануусун ишке ашырыш үчүн чыккан жана 30 өлкөнү кыдырган Нодар Беридзе, турунун акыркы аялдамасы болгон Түркияда Амасиянын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырды.

Өзү балбан болгон 47 жаштагы Беридзе, дүйнө туру кыялдануусун ишке ашырыш үчүн 2016-жылы велосипед менен Грузиядан жол тарткан.

Азия жана Европада көп сандаган өлкөнү кыдырып 40 миң км педал күүлөгөн Беридзе, Түркияга келди.

Багытында орун алган Амасияда тарыхый жана туристтик жерлерди кыдырган Беридзе, шаар башчысы Жафер Өздемирдин кызмат орунуна да учурады.

Беридзе велосипед менен дүйнөлүк турун спорт жана дени сак жашоого көңүл буруш үчүн да ишке ашырганын белгилеп, «2 жылдын ичинде 30 өлкөнү кыдырдым. Коңшулардын арасы жакшы болсун, тынчтык болсун! Менин миссиям ушул»,-деди.

Өздемир, өзүнөн гүлдүн ордуна Түркия желегин сураган Беридзеге Түркиянын желеги менен Амасия Беледиеспордун формасын белек кылды.

Беридзе, акыркы аялдамасы болгон Түркияда ар башка шаарларды кыдырып 26-майда өлкөсүнө кайтууну пландап жатат.


Этикеткалар: #Түркия

Тектеш кабарлар