Назлыжан Инжи бадминтон боюнча чемпиондукту багындырды

30-мартта Грециянын Сидириокастро шаарында башталган турнирге 42 өлкөдөн 64 спортчу катышты.

942082
Назлыжан Инжи бадминтон боюнча чемпиондукту багындырды

Грецияда уюштурулган Геллас эл аралык жаштардын бадминтон боюнча турниринде Түркияны өкүлдүк кылган Назлыжан Инжи жеке айымдар категориясында чемпиондукка жетишти.

30-мартта Сидириокастро шаарында башталган турнирге 42 өлкөдөн 64 спортчу катышты.

Назлыжан Инжи, турнирде катары менен Болгариядан Таня Иванова, Америкадан Женни Гаж, Венгриядан Вивьен Сандорхази, Молдовадан Влада Гинга жана Болгариядан Христомира Поповсканы утуп алып финалга жогорулады.

Түрк спортчусу финалда болсо венгер атаандашы Река Мадарасты утуп алып биринчиликти алды.



Тектеш кабарлар