Галатасарай менен Авенида беттешет

Мелдеш атаандаштын талаасында өтөт.

938509
Галатасарай менен Авенида беттешет

Түркиянын баскетбол боюнча Галатасарай кыздар командасы, ФИБА Европа кубогунун жарым финал реванш мелдешинде эртең Испаниянын Перфумериас Авенида командасы менен бетешет.

Саламанка шаарындагы «Пабельон» спорт залында ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21.30да башталат.

Биринчи мелдешти 69-62 упай эсебинде жеңген Галатасарай, атаандашын жеңген учурда финалга жолдомо алат.

Жарым финалдын берки бешттешүүсүндө болсо Хатай мэриясы 29-март бейшемби күнү атаандаштын талаасында Италиянын Рейер командасы менен ойнойт. Түрк командасы биринчи мелдешти 74-54 упай эсебинде жеңген болчу.

 



Тектеш кабарлар