Серена Уильямс төрөттөн 14 айга жакын убакыттан кийин таймашка чыкты
Уильямс жалгыз аялдар биринчи турунда казак спортсмен Зарина Дияс менен беттешти жана 2 – 0гө жеңди.
926464
![Серена Уильямс төрөттөн 14 айга жакын убакыттан кийин таймашка чыкты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8981/b691/735b/59aabb3e20a9b.jpg?time=1718831320)
Дүйнөгө белгилүү америкалык теннисчи Серена Уильямс төрөттөн 14 айга жакын убакыттан кийин чыккан алгачкы расмий оюнунда жеңишке жетишти. АКШнын Калифорния аймагында өткөрүлгөн сезондун эң престиждүү турнирлеринен Indian Wellsке катышкан Уильямс жалгыз аялдар биринчи турунда казак спортсмен Зарина Дияс менен беттешти жана 2 – 0гө жеңди.
Беттешүүдөн кийин сөз сүйлөгөн Уильямс : «Мурункудай эмесмин. Бирок эч нерсе эмес. Оңой болбосо да оюн мыкты өттү»,- деди. Мурунку дүйнөлүк чемпион Серена Уильямс экинчи турда дүйнөдө 29 - орунда турган голландиялык Кики Бертенс менен беттешет.