Түрк балбандарынын Загребдеги жеңиши

Түркиянын күрөш федерациясынын маалымдаганына караганда борбор шаар Загребде уюштурулган грек-рим стилиндеги мелдеште Түрк улуттук курама командасы 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло медалга ээ болду.

903269
Түрк балбандарынын Загребдеги жеңиши

Хорватияда болгон Алтын Гран-Приде түрк балбандары 6 медалга ээ болду.

Түркиянын күрөш федерациясынын маалымдаганына караганда борбор шаар Загребде уюштурулган грек-рим стилиндеги мелдеште Түрк улуттук курама командасы 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло медалга ээ болду.

Улуттук курама команда топтогон 136 баллы менен команда боюнча биринчиликти багындырды. Команда тизмелөөсүндө 134 балл менен Венгрия экинчи, 114 балл менен Беларусь үчүнчү баскычта орун алды.

Турнирде 55 кг салмакта Догуш Аязжы алтын, 63 кг салмакта Рахман Билижи, 72 кг салмакта Юнус Өзел, 130 кг салмакта Рамазан Сары күмүш, 55 кг салмакта Мүслүм Алынлы менен 67 кг салмакта Волкан Чакыл кол медалга ээ болушту.



Тектеш кабарлар