Эл аралык Олимпиада комитети түндүк кореялык спортчулар тууралуу сүйлөшөт

Комитетинин төрагасы Томас Бах тараптар менен жолугат.

886042
Эл аралык Олимпиада комитети түндүк кореялык спортчулар тууралуу сүйлөшөт

Эл аралык Олимпиада комитети, 2018-жылы өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Кореядан спортчулардын катышуусун 20-январда тараптар менен сүйлөшөт.

Комитеттин билдирүүсүндө, Түндүк Кореядан спортчулар келээрки айда Түштүк Кореяда өткөрүлө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу темасынын сүйлөшүлө турганын билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бахтын, тараптар менен 20-январда Лозаннадагы Эл аралык Олимпиада комитетинин башкы борборунда жолугуша турганы белгиленген билдирүүдө, жыйында түндүк кореялык спортчулардын ысымдары жана желек, улуттук гимн, салтанат, форма сыяктуу расмий протокол маалыматтары менен бирге Олимпиадага катышуу деңгээлинин сүйлөшүлө турганы маалымдалды.

Эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкерлери болжол менен эки жылдык убакыттан кийин биринчи жолу жолугушуп, жыйындан кийинки билдирүүдө Түндүк Кореянын Олимпиада оюндарына спортчу, башкаруучу, байкоочу, журналист жана күйөрмандардан турган делегация жөнөтө турганы белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар