Түркия-Нидерландия беттешүүсү

Түркия Нидерландия менен таймашат

880596
Түркия-Нидерландия беттешүүсү

Түркиянын гандбол боюнча эркектер командасы, 2019-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын Европа тандоолорунун 5-тайпасында эртең Аксарайда Нидерландия менен беттешет.

Аксарайдагы «Хасан Дагы» спорт залында саат 18.00де баштала турган мелдешти, венгер калыстар Миклош Андорка менен Роберт Хакер башкарат.

Түрк командасы тайпадагы буга чейинки мелдештерде Бельгия менен 27-27 упай эсебинде теңме-тең ойноп, Грецияны атаандаштын талаасында 25-19 упай эсебинде жеңген болчу. Тайпада 3 балл топтогон түрк командасы, 4 балл менен лидер абалындагы Нидерландиядан кийин экинчи орунда турат.



Тектеш кабарлар