Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат эртең башталат

Чемпионатка Түркия 24 күрөшчү менен катышат

850935
Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат эртең башталат

23 жашка чейинки спортчулардын арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат эртең Польшада башталат.

Быдгощ шаарында 6 күнгө созула турган иш-чарада, эркектер арасында эркин жана грек-рим ыкмасы менен кыздар арасында сегиз түрдө мелдештер өткөрүлөт.

Чемпионатка Түркия 24 күрөшчү менен катышат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө грек-рим ыкмасында 71 килограмм салмакта Мурат Даг, 75 килогаммда Фатих Женгиз, 85 килограммда Али Женгиз жана 98 килограммда Фатих Башкөй күч сынайт.



Тектеш кабарлар