Тхэквондо чемпиондугунун биринчи күнүндө эки алтын медаль

Түркия Европа жаштар тхэквондо чемпиондугунун биринчи күнүндө эки алтын медалга жетишти.

840238
Тхэквондо чемпиондугунун биринчи күнүндө эки алтын медаль

Түркия Европа жаштар тхэквондо чемпиондугунун биринчи күнүндө эки алтын медалга жетишти. Тхэквондодо федерациясынан берилген маалыматка караганда Европа тхэквондо биримдиги тарабынан Кипр рум бөлүгүнүн Ларнака шаарында өткөрүлгөн жана 37 өлкөдөн 502 спортчу катышкан чемпиондуктун биринчи күнүндө 5 тармакта беттешүүлөр болду.

Чемпиондукта эркектер 59 килограммда Мертжан Долмажы жана аялдарда 42 килограммда Эмине Гөгебакан алтын медалды багындырып Европа чемпиону болду.

Түркия таэквандо федерациясынын төрагасы Метин Шахин Европа чемпиондугуна эки алтын медаль менен баштаган улуттук курма командасын куттуктады. «Бул жерде келечектин олимпиада чемпиондору жарышып жатат»,- деген Шахин : «Келечекте маанилүү ийгиликтерди күтүп жаткан спортчулар бизди жаңылткан жок. Максатыбызга карай жолго чыгып туура чечим чыгаргандыгыбызды көрүп жатабыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар