Анадолу Ефес баскетбол командасы Уникажа Малага менен беттешет
Синан Эрдем спорт залында өтө турган беттеш саат 20:30 башталат.
839209
Анадолу Ефес баскетбол командасы Түрк аба жолдору Европа лигасынын 5 - жумасында эртең аянтында Испаниянын Уникажа Малага командасы менен беттешет.
Синан Эрдем спорт залында өтө турган беттеш саат 20:30 башталат.
Бул сезондо Түрк аба жолу Европа лигасында жеңишке жетишүүнү максат кылган Велимир Перасович жетектеген Анадолу Ефес командасы мындан мурунку 4 оюнда Реал Мадрид, Валенсиа, Фенербахче Догуш жана ЦСКА Москвага утулган болчу.
Уникажа Малага болсо лигада бул сезондо ойногон 4 оюнда 1 жеңишке жетишип, 3 жолу утулган.