Түркиянын кыздар командасы бүгүн Олимпиакосту тосуп алат
Баскетбол оюну саат 20.30да башталат
830154
Түркиянын баскетбол боюнча кыздардан куралган Бешикташ командасы, ФИБА Европа кубогунун «А» тайпасынын экинчи мелдешинде бүгүн өз талаасында Грециянын Олимпиакос командасын тосуп алат.
Бешикташтын «Акатлар» спорт залында ойноло турган оюн саат 20.30да башталат.
Түрк командасы тайпасындагы биринчи мелдешинде Латвиянын ТТТ Рига командасына атаандаштын талаасында 78-52 упай эсебинде утулду. Грециянын өкүлү болсо биринчи мелдешинде Польшанын Горзов командасын 69-50 упай эсебинде жеңди.
«А» тайпасындагы берки оюнда болсо Горзов ТТТ Риганы тосуп алат.