Президенттик велосипед туру
Турда жалпы 13 командадан 104 велосипедист жарышууда.
824751
![Президенттик велосипед туру](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c0bb/b268/3b34/59ddc8f270b58.jpg?time=1718924705)
Дүйнөнүн бир гана континеттер аралык велосипед туру болгон 53 - президенттик велосипед туру Аланияда башталды. Аланияда башталып Кемерде бүткөн 177 километрдик биринчи этапты Ирландиядан Сам Беннетт 3 саат 57 минута 26 секунда менен бүтүрдү.
Экинчи этап болсо Кумлужа менен Фетхие арасында улантылат. Бул жылы 53 - жолу уюштурулган президенттик Түркия велосипед туру 15 - октябрь жекшемби күнү Стамбулда аяктайт. Континеттер аралык вилосипед туруна катышкан спортсмендер 6 этаптын акырында 1025 километр жол жүрүшөт. Түрк улуттук команданын атайын уруксаты менен орун алган турда жалпы 13 командадан 104 велосипедист жарышууда.