Түркия-Хорватия беттешүүсү
Түркиянын командасы Хорватияны жеңди
801891
Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасы 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк кубоктун тандоо оюндарынын «I» тайпасында Хорватияны 1-0 эсебинде жеңип, ачкосун 14кө жеткирди.
Эскишехир шаарында өткөрүлгөн мелдештин биринчи жарымы 0-0 барабар аяктады.
75чи мүнөттө Огузхан Өзйакуптун жаза аянтынын тышынан катуу тебүүсүндө, дарбазачы Субашичтен кайткан топту Женк Тосун киргизип Түркия 1-0 эсебинде алдыга чыкты.
Андан кийинки мүнөттөрдө да гол киргизилбегендиктен Түркия беттешүүнү 1-0 эсебинде жеңди жана ачкосун 14кө жеткирди.