Түркия Бельгияны жеңди

Түрк командасы эми Латвия менен ойнойт

801815
Түркия Бельгияны жеңди

Түркиянын баскетбол боюнча А Улуттук курама командасы 2017-жылдагы Европа баскетбол чемпионатынын «Д» тайпасындагы төртүнчү мелдешинде Бельгияны 78-65 упай эсебинде жеңди.

Тайпасындагы 4чү мелдешинде 2чи жолу жеңген улуттук команда, акыркы 16 команда ойной турган турга жолдомо алууну гарантиялады. Төртүнчү мелдештерден кийин Орусия, Сербия, Латвия жана Түркия акыркы 16 турда орун алса, Бельгия менен Англия коштошту.

Түрк командасы «Д» тайпасындагы акыркы мелдешинде 7-сентябрь бейшемби күнү Латвия менен ойнойт.

А Улуттук курама командасы бул мелдешти жеңген учурда тайпасында 3чү орунду ээлейт.


Этикеткалар: #баскетбол боюнча

Тектеш кабарлар