Украина - Түркия беттешүүсү
Украина - Түркия беттешүүсү Харьковдо саат 21:45те башталат.
800041
![Украина - Түркия беттешүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/88e0/c5c2/3aae/59aa6af372e2c.jpg?time=1718730999)
2018 Дүйнөлүк кубоктун Европа тандоолорунун биринчи группасынын жетинчи оюнунда Түркия атаандаштын талаасында Украинанын коногу болууда. Саат 21:45те Харьков шаарындагы облустук спорттук комплексте ойноло турган беттешүүнү Испания футболдук федерациясынын судьяларынан Фернандез Борбалан башкарат.
6 - оюндардын акырында 11 балл менен үчүнчү орунду алган курама команда ошол эле балл менен төртүнчү орунду алган Украинаны жеңип, атаандашын оюндан чыгарууну максат кылууда.