Атлетикада Түркия алтын медалга жетишти

Түркиядан катышкан спортсмендерден Рамил Гулиев эркектер 200 метрде дүйнө чемпиону болду.

787955
Атлетикада Түркия алтын медалга жетишти

16 – Дүйнөлүк атлетика чемпиондугуна Түркиядан катышкан спортсмендерден Рамил Гулиев эркектер 200 метрде дүйнө чемпиону болду.

Англиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн чемпиондуктун 7 – күнүндө эркектер 200 метрде финал өткөрүлдү.

Фенербахченин спортсмени Рамил Гулиев эркектер 200 метрде жарышып Түркияга биринчи алтын медалды алып берип тарыхка өттү.

ТРТ Спортко маалымат берген Гулуиев бул ийгиликке жетишерине ишенип келгендигин билдирди.

Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдоган социалдык бөлүшүү сайты твиттерден берген маалыматында : «Дүйнөлүк атлетика чемпиондугунда эркектер 200 метрде алтын медалга жетишип баарыбызды кубанткан Рамил Гулиевди чын көңүлдөн куттуктайм»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар