Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде өткөрүлөт

Олимпиада оюндары 2024-2028 жылдары кайсы шаарларда өткөрүлө турганы белгилүү болду.

783343
Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде өткөрүлөт

Эл аралык олимпиада комитетинин (IOC) буга чейин белгилеген шаарлардан Франциянын борбору Париж 2024-жылы, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лос Анжелес шаары болсо 2028-жылы олимпиадаларды өткөрөт.

Келишимге жетишилгенден кийин IOCнин бул чечими сентябрь айында бекитилиши жана расмий түрдө коомчулукка жарыялануусу күтүлүүдө.

Эки шаардын өкүлдөрү башында 2024-жылы олимпиада оюндарын өткөрүүнү каалашкан.

Бирок Лос Анжелестин  олимпиада оюндарын кийинчерээк 2028-жылы уюштуруу сунушун  кылгандан кийин, 2024 оюндары үчүн жалгыз талапкер Париж калган.

IOCнин олимпиада оюндарын уюштуруу үчүн Лос Анжелеске 1 миллиард 800 миллион доллар жардам берилери айтылды.

11-июлда IOCнин Лозаннадагы башкы штабында өткөн жыйында, Париж жана Лос Анжелестин 2024 жана 2028 Олимпиада оюндарын өткөрүүсүнүн бир убакта белгиленүүсү сунушу кабыл алынган.

Париж, 2024-жылы туура 100 жыл өткөндөн кийин олимпиадаларды кайрадан өткөргөнү турат. Буга чейин 1900 жана 1924-жылдары олимпиада оюндарын өткөргөн Парижде 3-жолу олимпиада оту жанат.

Буга чейин 1932 жана 1984-жылдары олимпиада оюндарын өткөргөн Лос Анжелес болсо ошол жылдары оюндарга талапкер болгон жалгыз шаар эле.

1929-жылы чоң экономикалык кризистен кийин эч бир өлкө 1932-жылы олимпиада оюндарына талапкер болгон эмес. 1976-жылы Монреалда өткөрүлгөн оюндардын жогорку наркынан улам, Лос Анжелестен сырткары эч бир шаардын 1984-жылы кайра олимпиада оюндарын өткөрүү өтүнүчү болгон эмес .

Франциянын өлкө башчысы Эммануэль Макрон, Париждин 2024 олимпиада оюндарын, 2028 Лос Анжелес олимпиадаларына чейин өткөрүүсү өтө маанилүү кадам болгонун айтты.

Макрон, Париждин Лос Анжелес менен катар олимпиада өткөрүүнү максат кылган жалгыз талапкер шаар болгонун эскертти.



Тектеш кабарлар