Жеңил атлетиканын мыктылары Лондондо жарышат

2017  дүйнөлүк атлетика чемпиондугу Лондон стадионунда бүгүн өткөрүлө турган азем менен башталат.

783965
Жеңил атлетиканын мыктылары Лондондо жарышат

2017  дүйнөлүк атлетика чемпиондугу Англиянын борбор шаары Лондондун түндүк – чыгышындагы 66 миң кишилик Лондон стадионунда бүгүн өткөрүлө турган азем менен башталат.

Дүйнөнүн мыкты атлеттерин жолугуштура турган чемпиондукта бул жылы да кызыктуу жарыштар болот. Дүйнөлүк чемпиондук тархынын эң жогорку катышуусун ишке ашыра турган түрк улуттук командасында жетөөсү аял, жыйырмасы эркек болгон спортчу жарышат.

Улуттук команданын кадрында Түркияга жеңил атлетикадагы биринчи олимпиада медалын алып келген Ясмани Коелло Эскобар, акыркы мезгилде чыгып келе жаткан найзачы Эда Тугсуз, 10 миң метрде Европа чемпиону Ясемин Жан жана Полат Кембои Арыкан, ошол эле тармакта Европа экинчиси Али Кая сыяктуу спортчулар катышууда.

Эл аралык атлетика федерациялары биримдиги тарабынан биринчиси 1976 -  жылы Швецияда өткөрүлгөн, 1991 -  жылдан бери 2 жылда бир өткөрүлгөн чемпиондуктун он алтынчысы 13 -  августта аяктайт.

 

 



Тектеш кабарлар