Түркия шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта күчтүү командалар менен ойноду

Орусиянын Ханты- Мансийск шаарында шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

758668
Түркия шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта күчтүү командалар менен ойноду

Түркиянын шахмат боюнча А улуттук курама командасы, Орусиянын Ханты- Мансийск шаарында уюштурулган командалар ортосундагы дүйнөлүк чемпионатта чоң ийгиликке жетишти. 

Дүйнөдөгү эң мыкты командалар менен беттешип, биринчи беш күндө 2 жеңиш жана 3 теңме-тең ойногон Түркия, турнирдин ийгиликтүү командасы болду.

Түрк командасы биринчи эки турда дүйнөлүк шахматтын эң күчтүү командаларынан Украина жана Орусия менен беттешти.

Эки команда менен да теңме-тең ойногон Түркия үчүнчү күндө Норвегияны жеңип алды.

Төртүнчү турда лидер Польшаны да жеңген түрк командасы, бешинчи турда Кытай менен ойноду.

Кытай менен беттешүүсүндө 2-2 эсебинде барабар болду.

Түркия 5чи турдун аягында 7 балл менен төртүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар