Түркия менен Греция беттешет

Чейрек финал мелдеши, Түркия убактысы боюнча саат 16.00да башталат

757586
Түркия менен Греция беттешет

Түркиянын баскетбол боюнча А Улуттук кыздар командасы жарым финал үчүн мелдешке чыгат.

Кыздардан куралган түрк командасы, Чехиянын жетекчилигинде өтүп жаткан Европа чемпионатынын чейрек финал оюнунда Греция менен беттешет.

Түркия менен Грециянын ортосунда Прагада өтө турган чейрек финал мелдеши, Түркия убактысы боюнча саат 16.00да башталат.

Чемпионатты Градец Кралове шаарында «Б» тайпасында баштаган улуттук команда, тайпасындагы мелдештерде Словакия, Италия жана Беларусту жеңип чейрек финалга чыкты.

Түрк командасынын атаандашы Греция болсо «С» тайпасында үчүнчү болгонуна карабастан чейрек финалга чейин келди. «С» тайпасында Сербияны жеңип, Франция менен Словенияга утулган Греция үчүнчү орунду ээлеп, экинчи турга чыкты. Греция экинчи турда «Д» тайпасында экинчи болгон Орусияны 62-58 упай эсебинде жеңип алып, акыркы 8 команданын арасына кирди.



Тектеш кабарлар