Түркия биринчи жолу дүйнөлүк серфинг чемпиондугунда жарышат
Франциядагы серфинг чемпиондугу 28 - май жекшемби күнү аяктайт.
739137
![Түркия биринчи жолу дүйнөлүк серфинг чемпиондугунда жарышат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3fd1/94ed/8b3c/59268569373ec.jpg?time=1718853171)
Түркиянын алгачкы толкун серфинг улуттук командасы Францияда өткөрүлгөн дүйнөлүк серфинг чемпиондугунда 2020 Токио олимпиадаларынын акредитациясы үчүн жарышууда.
Өнүгүп жаткан спорт тармактары федерациясынын чатыры астында түзүлгөн улуттук командада 4 эркек жана 1 аял спортчу бар. Улуттук команда Тунч Үчйылдыз, Онат Эрсой, Гүней Демирел, Өмер Тамер Гөнжү жана Алейна Хадимоглунан турат.
2020 Токио олимпиадаларына катыша турган командалардын белгиленишинде чоң бир мааниге ээ болгон Франциядагы серфинг чемпиондугу 28 - май жекшемби күнү аяктайт.