Президент Эрдоган алтын медалга ээ болгон спортчуларды куттуктады

Ясемин Адар менен Сонер Демирташ алтын медалга ээ болушту

726337
Президент Эрдоган алтын медалга ээ болгон спортчуларды куттуктады
Soner Demirtaş.jpg

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Европа күрөш чемпионатында алтын медалга ээ болгон улуттук спортчулар Ясемин Адар менен Сонер Демирташты куттуктады.

Президент Эрдоган күрөш боюнча Европа чемпионатында кыздар арасында 75 килограмм салмак финалда венгер атаандашы Зсанетт Неметти жеңип алып чемпион болгон Адар менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Эрдоган, чемпион болушунан улам куттуктаган Адардын ийгилигинин уланышын каалады.

Президент Эрдоган чемпионатта алтын медалга ээ болгон берки спортчу Сонер Демирташка да куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Европа чемпионатында эркектер арасында эркин стиль 74 килограммда Демирташ финалда азербайжандык балбан Мурад Сулеймановду 6-4 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болгон.



Тектеш кабарлар