Сонер Демирташ менен Ясемин Адар финалда

Түркиялык балбандардын ийгилиги

726002
Сонер Демирташ менен Ясемин Адар финалда

Күрөш боюнча Европа чемпионатында эркектер арасында эркин стиль 74 килограмм салмакта Сонер Демирташ, ал эми кыздар арасында 75 килограмм салмакта Ясемин Адар финалга чыкты.

Демирташ кечки мелдешинде азербайжандык балдан Мурад Сулейманов менен алтын медаль үчүн таймашат.

Өткөн жылы Латвиянын борбор шаары Ригада Түркияга Европа чемпионаттарында кыздар арасында биринчи алтын медалын алып келген Ясемин Адар да кечки мелдешинде венгериялык Зсанетт Немет менен финалда күч сынашат.

Эркектер арасында эркин стиль 61 килограмм салмакта болсо Абди Зурнажы коло медаль үчүн таймашууга жолдомо алды.  



Тектеш кабарлар