Бешикташ-Лион беттешүүсү үчүн коопсуздук чаралар күчөтүлөт

Бул беттешүүгө «коркунуч жараткан мелдеш» деп айтылды

710165
Бешикташ-Лион беттешүүсү үчүн коопсуздук чаралар күчөтүлөт

УЕФА Европа лигасынын чейрек финал турунда Түркиянын Бешикташ командасы Франциянын өкүлү Олимпик Лион менен атаандаштын талаасында беттеше турган оюн өтө коркунучтуу мелдеш статусуна киргизилди.

Лион шаарында 13-апрель бейшемби күнү ойноло турган оюндун алдында абалга баа берген Франциянын коопсуздук кызматкерлери, мелдешти коопсуздук жагынан 4-даража болгон өтө коркунучтуу мелдеш статусуна киргизишти.

Футболдук таймаш үчүн 4-даражанын абдан жогорку деңгээл экени белгиленип, беттешүүгө Франциянын соту тарабынан «коомдук тартип үчүн коркунуч жараткан мелдеш» деп айтылды.

Чейрек финалдын биринчи оюну үчүн Лиондо коопсуздук чаралардын күчөтүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар