Түрк командасы жарым финалга чыкты
Түркиянын кыздардан куралган командасынын ийгилиги
692484
![Түрк командасы жарым финалга чыкты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e167/8b1b/2629/58ca18fd17226.jpg?time=1718755049)
Түркиянын кыздардан куралган Фенербахче командасы Европа лигасында төрттүк финалга чыкты.
Фенербахче баскетбол боюнча Европа лигасынын чейрек финал үчүнчү мелдешинде Испаниянын Авенида командасын 87-80 упай эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Биринчи мелдешти Стамбулда 78-68 упай эсебинде жеңилип калган болчу. Фенербахче акыркы оюнунда атаандаштын талаасында 87-80 упай эсебинде жеңип удаама-удаа 6-жолу төрттүк финалга чыккан болду.