Түрк командасы Орусия менен беттешет
Мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 17.00де башталат.
681489
Түркиянын Вакыфбанк командасы кыздар арасында волейбол боюнча Чемпиондор лигасынын «Д» тайпасындагы акыркы мелдешинде Орусиянын Уралочка-НТМК командасы менен атаандаштын талаасында беттешет.
Буга чейин ойногон беш мелдешти тең жеңген Вакыфбанк «Д» тайпасында лидер команда болуп, плей-оффторго түздөн-түз катышууну гарантиялады.
Түрк командасы Орусиянын өкүлүн Стамбулдагы мелдеште 3-1 эсебинде жеңген болчу.
Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турган мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 17.00де башталат.