Месут Өзил жылдын футболчусу

Греманияда жылдын улуттук футболчусу немис улуттук курама командасынын түрк тектүү оюнчусу Месут Өзил тандалды

651938
Месут Өзил жылдын футболчусу

 

Германия футболдук федерациясынын сайтында немис улуттук курама командасынын күйөрмандар клубу тарабынан уюштурулган жылдын улуттук футболсучу сурамжылоосунда Месут Өзил берилген 316 миң 850 добуштан 54, 5 пайызын алып биринчи болду.

Англиянын Арсенал командасында ойногон Месут Өзилден кийин Реал Мадриддин жылдызы Тони Крус жана 4 пайыз менен Кёлнде ойногон Жонас Гектор келди.

2010 – жылдан бери өткөрүлгөн сурамжылоодо 5 – жолу жылдын футболчусу болуп тандалган Месут Өзилдин тышында 2010 -  жылы Бастиан Швайнштайгер жана 2014 – жылы  Крус биринчи орунду алган.

Германия футболдук федерациясынын интернет сайтына маалымат берген Месут Өзил көп сандаган күйөрмандын өзүнө добуш беришинен улам  сыймыктангандыгын билдирип, ушундан улам күйөрмандарына рахмат айтты.



Тектеш кабарлар