Анадолу Ефес Грецияда Панатинаикос Суперфудс командасы менен беттешет
Эки команданын ортосунда ушул күнгө чейин ойнолгон жыйырма төрт матчтын тогузу көк актардын, он беши болсо грек командасынын үстөмдүгү менен аяктады
649650
![Анадолу Ефес Грецияда Панатинаикос Суперфудс командасы менен беттешет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8888/f260/6080/587735260a274.jpg?time=1718865976)
Анадолу Ефес эркек баскетбол командасы түрк аба жолдорунун Европа лигасынын 17 - жумасында эртең атаандаштын талаасында Грециянын Панатинаикос Суперфудс командасы менен беттешет. Афинадагы ОАКА аренада ойноло турган беттешүү Түркия убактысы боюнча саат 22:45те башталат.
Лигада ойнолгон матчтардан сегизден жеңиш жана жеңилүү менен чыккан Анадолу Ефес 9 - орунда турат. Ойногон матчтардын тогузунда жеңишке жетишип, жетисинде жеңилген Панатинаикос суперфудс болсо алтынчы орунда.
Эки команданын ортосунда ушул күнгө чейин ойнолгон жыйырма төрт матчтын тогузу көк актардын, он беши болсо грек командасынын үстөмдүгү менен аяктады.