Түркиянын Муай тайдагы ийгилиги

Орусияда өткөрүлгөн Муай тай боюнча дүйнөлүк кубокто Түркиянын спортчулары чоң ийгиликке жетишти.

620232
Түркиянын Муай тайдагы ийгилиги

Орусияда өткөрүлгөн Муай тай боюнча дүйнөлүк кубокто Түркия 22 медаль утуп алды.

Түркиянын Муай тай федерациясынын жарыясына караганда Казан шаарында болгон чемпионатка 40 өлкөдөн 300 спортчу катышты.

Муай тай боюнча улуттук команда жаштар категориясында 7 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Бардыгы 13 медалга жетишкен Жаштар улуттук командасы 30 балл менен чемпион болду.

Түркия, баралына жеткендер категориясында болсо 7 күмүш жана 2 коло медаль менен 11-орунду алды.

Ай-жылдыздуу команда ушундайча чемпионатты жаштар жана баралына жеткендер категорияларында 22 медалга ээ болуп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар